• 88.68
  • 95
  • 0.95

17-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда 9…14, Таласта 7…12, Ысык-Көлдө 7…12, Нарын облусунда күндүз 6…11 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгу табы 17…22 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 11…13 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий