• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун соттук коллегиясы Ө. Текебаевге карата сот материалын кыскартты

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун көзөмөл даттануусун карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Арыздануунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, б.а. КР ЖПКнын 375-беренесинин (Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерге даттануу) - (3) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну жана үй камагын колдонуу жөнүндө, аны менен катар камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартууга карата соттук чечимге прокурор, айыпталуучу же анын коргоочусу тарабынан кассациялык инстанциянын чечими чыккан күндөн тартып беш сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн) талаптары сакталбагандыктан, соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы токтому менен, КР УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылып, О.Текебаевдин кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Анын баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагында 2017-жылдын 25-апрелине чейин камакта түрү тандалган.

2017-жылдын 9-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн аныктамасы менен, Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырган.

Текебаевдин жактоочусунун кассациялык арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Пикир

Оставить комментарий