• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

30-мартта Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. 30-мартта Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, “Башкара-Суу” суу алуучу жайындагы оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу: «Орок», «Арча-Бешик», «Ак-Ордо» (№41 квартал), «Ак-Өргө» (№40 квартал) жана Орок айылынын аймагындагы: : Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Селекция, Жаңы Селекция, Кашка-Баш, Калтар аймактарында суу токтотулат.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суу камын толтуруп алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий