• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: “Жүргүнчү ташыган унаалар көзөмөлгө алынды”

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. 24-марттан тартып Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук эрежелерин сактоого көзөмөл кылууга багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Патрулдук милиция кызматкерлери коомдук унаалардын айдоочулары тарабынан 154 мыйзам бузууну аныкташты. Тиешелүү кызматтардын уруксатысыз конструкциясы өзгөртүлгөн унааларга өзгөчө көңүл бурулду.

Бузуулардын ичинде 136 факт коомдук унанын техникалык бузуктугу, 15 жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу аныкталып, 3 жүргүнчүлүк унаа тиешелүү документсиз башкаруу үчүн атайын токтотуучу жайга камалып, каттамдан алынды.

Кеңири текшерүүлөрдөн тышкары патрулдук милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу ишканаларынын айдоочулары менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жасашууда.

ИИМ органдарынын маалыматы боюнча, алдын алуу текшерүүлөрү республика боюнча “Коомдук унаа” жана “Техникалык абал” иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт. Коомдук унаа айдоочулары өлкө боюнча техникалык нормаларды жана бул категориядагы унааларды пайдалануу эрежелерин сактоого текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий