• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламентте С.Жапарповду колдоо митингинде кармалгандар боюнча Омбудсмендин докладын угуудан баш тартышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Парламентте бүгүнкү жыйындын күн тартибине Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган жарандар боюнча Омбудсмендин докладын киргизүүдөн баш тартышты.

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары митинг учурунда милиция кызматкерлеринин укуктук аракеттерине байланыштуу Омбудсмендин маалыматын угууну сунушташып, бул маселени бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү суранышкан.

Бирок, спикер Чыныбай Турсунбеков жакында Омбудсмен доклады менен парламентке келерин, ошондо барын сурап алууга болорун белгиледи. “Келгиле бир нече күн күтө туралы”,-деген ал, бул маселени комитетке жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий