• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК аппарат башчысы Алымбаев ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2024-жылга карата кызматташуу планына кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Жогорку Кеңешке парламент институтун бекемдөө, анын профессионалдык деңгээлин чыңдоо, өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана контролдоо функцияларынын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушууда парламенттин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүдө, эксперттик жана техникалык колдоосуна ыраазычылык билдирди.

“ЕККУ Парламенттер Ассамблеясынын алкагында өнүккөн өлкөлөрдүн парламентарийлери менен активдүү өз аракеттенүүсүнө көмөктөшүүнү жогору баалайбыз. Ошол эле учурда, жарандык коом менен кызматташуу ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн потенциалын чыңдоого көмөк көрсөтүү пландын негизги милдеттери болуп саналат”,- деди Алайбек Алымбаев.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Рогов да Жогорку Кеңештин аппаратына ыраазычылыгын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий