• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асылбек Жээнбеков: «Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууга жолтоо болгон күчтөр бар»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын таштанды полигону менен таштанды сорттой турган завод 2020-жылдын акырында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Бишкек шаарынын экологиялык жана катуу калдык таштандыларды таштоочу жайдын абалы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Вице-мэрдин айтымында, март айынын ичинде каржылоо ачылса, апрель айында даярдоо иштери жүргүзүлө баштайт. «Азыр таштанды полигонунун аянтында рекультивациялоо жумуштары жасалып жатат. Бул жумушка 22 млн доллар каралган. Андан тышкары, таштанды чыгара турган 32 автомашина сатылып алынды», - деп кошумчалады баяндамачы.

Депутат Асылбек Жээнбеков таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин тармактык комитет 2016-жылдан бери көзөмөлдөп келатканын эске салып, мэриянын өзүндө таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууга жолтоо болуп келаткан күчтөр бар экенин белгиледи. «Полигондо ири акчалар айланат. Ошондон улам кызыкдар адамдар ушул кезге чейин курдурбай келди. Мэриянын өкүлү заводду куруунун так мөөнөттөрүн айтты, биз анын аткарылышын көзөмөлгө алабыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий