• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бактыбек Сыдыков КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.24./Кабар/. Күн мурун Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө 15 маселе каралып, анын ичинде КМШ ПААнын ишмердигинин учурдагы каржысы, ассамблеянын бюджетин түзүү жана аткаруу, ошондой эле КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө маселелер коюлду.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын төрагаларынын кызмат орундарын бөлүштүрүүгө ылайык, контролдук-бюджеттик комиссиянын төрагалыгы КР Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогорку Кеңеш комиссиянын төрагалыгына депутат Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин сунуштап, аны бир добуштан колдоду.

Мындан тышкары, КМШга мүчө-мамлекеттердин «Шериктештиктин балдары» эл аралык маданий-билим берүү форумун каржылоо жөнүндө токтому каралды. Ушул тапта 2024-жылдын 25-июнунан 4-июлуна чейин Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүшү пландалган форумга мектептин жогорку класстагы окуучуларынан делегациялар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий