• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турсунбеков: Балдарга карата камкордукту күчөтүү керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусундагы Нарын районунун Жан-Булак айылында курулган “Умсунай апа” бала бакчасынын экинчи имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Өз демилгеси менен атасынын үйүн келечек ээлери үчүн билим уясына айланткан Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков балдарга карата камкордукту күчөтүү керектигин баса белгиледи. "Мамлекет оңолуш үчүн бардык тармактарга, анын ичинде балдардын келечеги үчүн зарыл болгон билим берүү жаатына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, акыркы эки жыл ичинде республика боюнча бир катар мектептер оңолуп, көптөгөн бала бакчалар салынууда. Бүгүнкү ачылышы өткөрүлүп жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемеси да жасалып жаткан иштердин бир мисалы", - дейт ал.

Ошондой эле, бала бакча наристелердин билим алуусуна гана шарт түзбөстөн, талантынын өсүшүнө да өбөлгө болорун айткан Чыныбай Турсунбеков: "Мыкты окуган балдарга көмөк көрсөтүү аркылуу агартуучуларды да колдоо максатында жергиликтүү бийлик менен биргелешип көптөгөн иштерди жасап келебиз. Мунун акыбети кайтып, билим жана спорттук таймаштарда Жан-Булак айылынын жаштарынын ийгиликтери арбын. Андыктан, мындан ары да балдардын келечеги үчүн колдон келген жардамдарды берүүнү уланта беребиз" - деп кошумчалады.э

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн ата-энесинин үйүнүн ордуна жеке каражаты менен 100 орундуу бала бакча куруп, муниципалдык менчикке өткөрүп берген. Бакчанын 50 орундуу бөлүгү 2015-жылы курулуп ишке берилсе, экинчи имараты да бардык шарты менен эми пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий