• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда эмне үчүн туризмди өнүктүрүү жаатында эки мамлекеттик түзүм бар?

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эмне үчүн Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү тармагында эки мамлекеттик кызмат бар экенин айтып берди.

Ал Жогорку Кеңештин депутатынын суроосуна жооп берип жатып министрликтин алдындагы Туризм департаменти маркетинг иш-чараларын жүргүзүү менен алектенип, ага жаңы туристтик продукцияларды иштеп чыгуу милдети жүктөлөрүн жана жалпысынан тармактык саясатка жооп берерин түшүндүрдү. Бул иш-чарага жылына 46 млн сом бөлүнөт. Бюджетте чет өлкөдөгү иш-чараларга катышууга кеткен чыгымдар да каралган.

"Ал эми Туризмди өнүктүрүү фонду болсо туристтик инфратүзүмдү, анын ичинде жол инфратүзүмүн түзүү, инвестициялык туристтик долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу өнүктүрүү инструменттерин иштеп чыгып, жүзөгө ашырат", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий