• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

30-июлда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-июлда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 30-июлда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий