• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Балыкчыда бир нече батирден акча уурдоого шектелип Бишкектин тургундары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Балыкчы шаарында бир нече батирден акча жана зер буюмдарды уурдоого шектелип Бишкектин тургундары кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынын башында Балыкчы шаарында бир катар батирдик уурдоо фактылары орун алган. Белгисиз адамдар бир эле ыкма боюнча үйдүн ичине терезе аркылуу кирип, акча жана алтын буюмдарды уурдашкан. Алардын кылмыш ишинин натыйжасында үч жергиликтүү тургунга 519 миң сом жана 300 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Тоң районунда мурда батирдик уурдоо кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгон Бишкек шаарынын 59 жаштагы К.С. жана 39 жаштагы А.Р. аттуу тургундары кармалышкан. Кармалган шектүүлөр Балыкчы шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Алдын ала сурактын жүрүшүндө шектүүлөр батирдик уурдоонун үч фактысы боюнча өз күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө жүргүзүү мезгилинде бир айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий