• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мас айдоочу жол көзөмөл кызматынын кызматкерине жаракат келтирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.11.18. / Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мас айдоочу жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерине темир бурагыч сайган. Бул тууралуу жергиликтүү автоинспекторлор билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда жол көзөмөл кызматынын кызматкерлери баш ийбей качкан “Тико” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу алкоголдук текшерүүдөн өтүп, ичимдик ичкендиги аныкталган.

“Унааны айып токтотуучу жайга киргизгенден кийин айдоочу ачууланып, унаанын ачкычын бергиси келбей жатты. Андан кийин милиция кызматкерин көкүрөк тушка бурама бурагыч менен уруп, качып кеткиси келди. Бирок аны жаракат алган кызматкер менен кароолчу кармап калышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда жаракат алган кызматкердин абалы туруктуу, учурда ал бейтапканада жатат. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалган.

Пикир

Оставить комментарий