• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги жолдорду ирээтке келтирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек. Атап айтсак:

- Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 100-105 чакырым аралыгындагы лотокторду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө;

- №35 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Шалба-Липенка-Жон-Булак унаа жолун атайын техника менен сүрдүрдүү жумуштары аткарылып жатат;

- Көк-Жар - Ала-Тоо унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрдү. Ал эми Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда пайда болгон чуңкурларды жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө;

- Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунда жол белгилерди, аялдамаларды, эс алууга токтоочу жайларды актап, сырдап, тазалап жатышат. Мындан тышкары аталган унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери дагы уланууда. Облустагы башка жолдорду ирээтке келтирүү иштери ырааты менен жүрүп жатат.

- Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт унаа жолунун 114-чакырымындагы темир бетон тосмонун түбү тазаланып, жол четиндеги лотокторду тазалоо жумуштары аткарылууда;

- Кочкор - Большевик - Көлкөк унаа жолунун 0-18-чакырым аралыгындагы жол четиндеги куураган бак-дарактарды кыркуу иштери жүрдү;

- Үч-Терек - Өзгөрүш унаа жолу менен Баетов - Макмал жолундагы суу жеп кеткен жерлерди калыбына келтирүү иштери жүрүп, жолго чыккан суулар бурулду.

Пикир

Оставить комментарий