• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда кыргызстандык эки ашпозчу полиция кызматкерине кол салышып, аны тиштеп алышты

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Россиянын Малоярославец шаарында Кыргызстандын эки жараны автоинспекторго документтерин көрсөтүүдөн баш тартышып, ал кыргыз жарандарын кармайын дегенде укук тартибинин кызматкерин урушкан. Бул тууралуу Калужск облусунун тергөө комитети билдирген.

Комитеттин маалыматына караганда, түндө эки жаш адам жакынкы фаралары өчүрүлгөн унаа айдап баратышкан. Аларды патрулдук-пост кызматынын кызматкери токтотуп, документтерин сураган. Айдоочу документин үйүндө унутуп калганын айткан. Полиция кызматкери аларды үйүнө чейин жеткирип барууну чечкен. Подъездге жеткенде шектүүлөр качып кетейин дешкен, бирок тартип сакчысы кармап калган. Кармалгандар укук тартибинин кызматкерин бетине бир нече жолу согуп, колун тиштеп алышкан. Каршылык көрсөтүшкөнүнө карабастан полиция кызматкери аларды кармаган.

Кармалган адамдар Кыргызстандын жарандары, Малоярославецте ашпозчу болуп иштешкен. Тартип сакчысына кол көтөрүшкөнү үчүн аларга 200 миң рублге чейин айып пул салынышы же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Иликтөө иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий