• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто «Ауди-100» унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Токмоктогу Шамсин жана Ключевой көчөлөрүнүн кесилишинде «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсык 18-январда болжол менен саат 08:00дө катталган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жөө жүргүнчү ар кандай жарааты менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Тиешелүү иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 1959-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу кармалган.

Учурда унаа айып короосуна токтотулган, ал эми айдоочусу Токмок милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий