• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2016-жылы экспорттук жеткирүүлөр 5,1%га жогорулады, анын ичинде Европага карай экспорттоо 44,3% түзгөн - Өкмөт башчы

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 2016-жылы экспорттук жеткирүүлөр 5,1%га жогогорулаган, анын ичинде Европага карай экспорттоо көлөмү 44,3%ды түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-февралда 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында билдирди.

«Экспорт экономиканын өнүгүүсүндө негизги ролду ээлейт жана өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналат. Экспорттук потенциалды өнүктүрүү жана колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Программасы бекитилген. Программанын алкагында экспортко багытталган ишканаларды финансылоо жана үстөк пайызы жеңилдетилген насыяларды берүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүү каралган. Албетте, экспортерлорго коммерциялык линияга салыштырмалуу үстөк пайызы сезилээрлик төмөн болот, жылына 10% үстөк менен берилет» - деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасында экспортерлор үчүн салыктык жеңилдетүүлөр боюнча жагымдуу шарттар түзүлүүдө, принципиалдуу шарт- сатыктан алынган салык нөлдүк көрсөткүчтө.

«Аталган жагдай атамекендик экспортерлорго атаандаштыкты жаратат. Экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана экспорттук потенциал жөнүндө экспортерлорго маалыматтык жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн атайын соода порталы түзүлдү, маалыматтык компания жүргүзүлөт, сырткы рынокко товарларды ташып чыгуу шарттары тууралуу маалыматтар иштелип чыгат. Аны менен бирге өндүрүштү сапаттуу башкарууну эл аралык сапат стандарттарына ылайыктоо максатында анын деңгээлин көтөрүп, системалуу иштерди улантуу зарыл.

2017-жылдын 12- августунда азык-түлүк коопсуздугу боюнча ЕАЭБ техникалык регламенти күчүнө кирди.

Экспортерлор сапат стандартына жана көзөмөлдүн жаңы талаптарына даяр болушу зарыл. Мамлекет дагы четте турбастан, биргеликте иштөөгө көмөк көрсөтөт», -деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылды «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө мындан ары экспортту өнүктүрүү иштеринде ийгилик каалап, өлкөдө 2016-жылы оң экспорттук көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө токтолуп, экспортчулар бул максатка жетүү үчүн чечкиндүүлүк жана берилгендигин көрсөтпөсө, анда көздөгөн максатка жетүүгө болбой турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий