• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсүн издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсүн издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-апрелде Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымында УАЗ үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Кырсык болгондо С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калган. Ал эми айдоочу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Бүгүн издөө иштерине 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам, 10 милицияга кызматкери тартылды.

Учурда издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий