• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 191 млн сом түштү – Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн республикалык бюджетке 191 млн сом түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча 3 миң 367 электрондук аукцион жарыяланган.

"Алардын ичинен 862 аукцион өткөрүлсө, 2 миң 505 аукцион арыздардын келбегенинен улам өтпөй калган", - деди ал.

Былтыр ижарага берилген имараттардын аянты 42 миң 700,74 чарчы метрди түзгөн. Айына бир чарчы метрге төлөнгөн ижара акынын орточо наркы 319, 05 сом (мурда 179,74 сом болуп келген) болгон.

Пикир

Оставить комментарий