• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назаров: Быйыл Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт

Экономика 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

"Быйыл бизде суу тартыш. Электр энергиясы экспорттолбойт. Тескерисинче электр энергиясы импорттолот. Анын баасы жана канча көлөмдө импорттоло турганын айта албайм. Бирок ал тарифтерге таасир этпейт", - деди ал.

Аны менен бирге ал Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий