• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 215 миң абонентте акылдуу эсептегичтер орнотулган – Назаров

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. Кыргызстанда 215 миң абонентте акылдуу эсептегичтер орнотулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы электр энергиясын колдонгон 1 млн 450 миң абонент бар.

"Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 300 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат", - деди ал.

Ал белгилегендей, биринчилерден болуп акылдуу эсептегичтер бюджеттик жана коммерциялык мекемелерде, үч фазасы бар, электр энергиясын көп колдонгон абоненттерге орнотулат.

"Келерки жылы 500 миң, кийинки жылы өлкө боюнча толук бойдон бардык абоненттерге акылдуу эсептегичтер коюлат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий