• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы тендерлерге байланыштуу 50дөн ашык кылмыш иши козголду - Мамлекеттик сатып алуулар департаменти

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. 2018-жылы тендерлерге байланыштуу 50дөн ашык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин координациялоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Баялы Досалиев билдирди.

Анын айтуусунда, ири кылмыш иштери курулуш тармагында болгон. УКМК тарабынан иш козголгон. "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу да ар кандай даттануулар бар. Бирок алар боюнча комиссиянын чечими чыга элек.

"Эгерде бул маселе боюнча чечим терс жагына чыкса, анда материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Ошондой эле Бишкек шаары үчүн 60 автобусту сатып алуу боюнча да кылмыш иши козголгон. Ал боюнча бизде так маалымат жок, иликтөө иштери журүүдө, - деди Досалиев.

Ал кошумчалагандай, социалдык объекттердин курулушуна байланыштуу да кылмыш иштери көп. "Биздин милдет укук коргоо органдарынын расмий билдирмесине гана жооп берүү. Тигил же бул тараптын күнөөлүү экендигин аныктоо биздин функцияга кирбейт. Электрондук порталдын башкы милдети - бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүп берүү жана укук-ченемдик актыларды каттоо", - деп билдирди Досалиев.

Пикир

Оставить комментарий