• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Швейцария Улуттук банктарынын кызматташтыгын чыңдоо талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Швейцариянын Берн шаарында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Швейцариянын банк жана финансы секторлорунун жетекчилери ортосунда эки тараптуу бир катар жолугушуулар өттү.

Кыргызстандын башкы финансылык көзөмөл органынан билдиришкендей, Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Мартин Шлегель менен жолугушууда тараптар дүйнөлүк экономикадагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, банк жана финансы чөйрөсүндө эки өлкөнүн борбордук банктарынын эки тараптуу кызматташуусун бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда КР Улуттук банкынын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев кыргыз тарапка долбоорлорду биргелешкен ишке ашырууга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Швейцариянын Улуттук банкына ыраазычылык билдирди, ошондой эле эл аралык банктык тажрыйбаны жана инновациялык банктык технологияларды Кыргызстанга киргизүүдө өз ара иш алып баруу маанилүү болуп саналарын белгилеп өттү.

Кубанычбек Бөкөнтаев Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыктын (SECO) өкүлү Юрг Волленвейдер жана Эл аралык финансы маселелери боюнча мамлекеттик катчылыктын (SIF) өкүлү Майкл Манц менен болгон жолугушуусунда тараптар финансылык-техникалык кызматташуу тармагында кыргыз-швейцария мамилелеринин баскыч-баскыч менен өнүгүп жатканын белгилеп кетишти.

КР Улуттук банкынын төрагасы Кыргызстанда финансы секторун өнүктүрүүгө, анын ичинде банк системасынын туруктуулугун жогорулатууга жана финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө инструменттерин жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, коммерциялык банктардын ишин, коммерциялык банктардын маалыматтык коопсуздугун, ошондой эле ПФТД/ЛПД маселелери боюнча көзөмөлдүн жаңы тенденциялары менен ыкмаларын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө банктык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана КР Улуттук банкынын көзөмөлдөө блогунун кызматкерлеринин кадрларынын потенциалын чыңдоо максатында, Швейцария тарапка кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий