• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан Кыргызстанга экономикалык блокада жасады - Апасова

Экономика 0

Бишкек, 15.10.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Казакстан Кыргызстанга экономикалык блокада жасады. Бул тууралуу кечээ “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Римма Апасова билдирди.

Ал кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн жагдайдан улам буга чейин өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдер бузулуп жатканын билдирди.

“Мен казак тарап бизге экономикалык блокада жасады деп тартынбай айта алам. Келишимдеги бардык ташуу мөөнөттөрү жана шарттары бузулууда. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндиктебиз, биз келишимдин бардык пункттарын аткарууга убада бергенбиз. Бирок, түшүнүксүз себептерден улам мындай жагдай түзүлүүдө. Казак бийлигинин позициясы түшүнүксүз”, - деп билдирди Апасова.

Ал Казакстандын бийлигинин аракеттерине тынчсыздануу билдирип, бизнести саясаттан бөлүүгө чакырды.

“Мен Казакстандын экономикалык ведомстволук уюмдарын жана Улуттук экономикалык палатасын биздин тынчсызданууларыбызга кулак салууга чакырам. Менимче кырдаал чегине чейин курчутулбайт, алар бизди угушат деп ойлойм. Анткени саясат бизнестен тышкары жана тышкары болушу керек. Эмнеге казак бийлиги үндөбөй, түшүнүктүү эч кандай түшүндүрмө бербей жатышат?” - деп собол салды Апасова.

Пикир

Оставить комментарий