• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто саат 10:00гө карата 17200 шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./ Кабар/. Ошто, бүгүн саат 8:00дө добуш берүү үчүн бардык шайлоо тилкелери ачылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча, саат 10:00гө карата Ошто 17200 шайлоочу добуш берген. Шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышууда.

Ош боюнча катталган шайлоочулардын саны 159 420 адамды түзгөн. Андан сырткары №2 формасы боюнча 48 706 жаран арыз берген.

Күн мурун ден-соолуктарына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн 2916 билдирүү келип түшкөн.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 420, жалпысынан 73 шайлоо участогу бар.

Пикир

Оставить комментарий