• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз товарлары Екатеринбургдагы «InterFood Ural» көргөзмөсүнө коюлат

Экономика 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарындагы «InterFood Ural» көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз товар өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 2021-жылдын 21-январында Бишкек шаарында Россиянын Урал федералдык округунун айрым региондорунун рынокко чыгышы боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин жана КР Инвестицияларды илерилетүү жана коргоо агенттигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Аталган жолугушууга тамак-аш, айыл чарба жана кийим тигүүчү продукция өндүрүүчү 11 ата мекендик компания катышты.

Катышуучулар ата мекендик продукцияны Свердлов, Челябинск, Тюмень жана башка областтарга илгерилетүү, дистрибьюторлор, регионалдык чекене тармактар, ошондой эле Россиянын Урал федералдык округунда чекене соода жүргүзгөн жеке ишкерлер менен өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча экспорту илгерилетүү боюнча иш-чараларды, тактап айтканда Россиянын Урал федералдык округунда товарлардын жармаңкесин, ошондой эле РФнын Екатеринбург шаарында «InterFood Ural» көргөзмөсүнө катышуу сыяктуу иш-чараларды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуулар жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий