• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМде ТИКА өкүлдөрү менен кызматташуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмет Бодур менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен ТИКАнын өз ара аракеттенүсүнүн мүмкүн болгон багыттарын, тактап айтканда, коомдук тартипти сактоого техникалык колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ИИМ жана ТИКА ортосундагы кызматташтыкты улантуу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Белгилей кетсек, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА)

1992-жылы, Советтер Союзу жана Чыгыш Европа Социалисттик блогу кулагандан кийин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө техникалык жардам көрсөтүү жана алар менен экономика, соода, техника, маданият, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө долбоорлору жана программалары аркылуу мамилелерди өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий