• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң-Алай районунда 8 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Мектеп 375 орунга ылайыкташкан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метрди түзөт.

Билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган, бирок андан бери бүтпөй турган.

Пикир

Оставить комментарий