• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда кооптуу аймактарды изилдөө иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. 12-апрелден тарта Ош облусунда кооптуу аймактарды изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаменти тарабынан Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы жер көчкү, таш кулоо, сел жана суу ташкындары кооптуулук жараткан тилкелерде изилдөө иштери атайын шаймандар менен жүргүзүлүүдө.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн офицерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын тиешелүү адистери менен биргеликте, кооптуу аймактарды аныктоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо жумуштары аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий