• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-март күнү таңкы саат 05:00-06:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 82-чакырымында эки тилкеден болжол менен 8000 м3 кар көчкүсү түшкөн.

"Азыркы учурда жол убактылуу жабык. №3 Жол тейлөө ишканасынан 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий