• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда аз камсыз болгон 105 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кара-Сууда аз камсыз болгон 105 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан "Замзам" мечитинин имамы Илхамжан Дилшадбек уулунун демилгеси менен жергиликтүү жамаат жана "Караван Ихлас" фонду тарабынан уюштурулду.

Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 220 миң 500 сомду түздү. Жардам баштыкчасында 10 кг ун, 4 литр май, 2 кг күрүч, 1 килограммдан эт, нокот, гречка, нават, курма жана чай салынган.

Пикир

Оставить комментарий