• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык грек-римчилер (U-20) Казакстанда эл аралык мелдешке катышууда

Спорт 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөш боюнча жаштар (U-20) курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Казакстандын эмгек сиңирген баатыры Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш 11-мартта башталып, 14-мартта жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
- 55 кг Өмүр Ынтымак уулу, Барсбек Асанкожоев, Нурболот Бердикулов, Нурдөөлөт Абасов;
- 60 кг Нуристан Сүйөркулов, Кубаныч Аринов, Рустам Сыдыков, Саид Туратбек уулу, Бекжан Эсенбеков;
- 63 кг Сабит Шамединов, Эмирлан Дүйшөналиев, Бакай Рыскелди уулу;
- 67 кг Баяман Каримов, Жантөрө Мирзалиев, Мухамед Кошбаев, Амирбек Аскарбеков;
- 72 кг Кутман Темирбеков, Ырыскелди Хамзаев, Адилет Абыкеев;
- 77 кг Эрлан Марс уулу, Нурел Дүйшөналиев, Мирсаид Юнусов, Азирет-Али Осмонаилев;
- 82 кг Муслим Мамыров;
- 87 кг Артыкбек Алымбек уулу, Бекжан Жумабеков;
- 97 кг Бахрам Курбанов, Нурболот Сыргабай уулу, Өмүрбек Уланбеков Алишер Өскөнбаев;
- 130 кг Рустам Садыков, Таласбек Бообеков.

Курама команда машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий