• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрагасы: Кемпир-Абад боюнча соттук териштирүүлөрдүн создугушуна камактагылардын өзү себепкер

Маек 0

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Кабар" агенттигине маек берип, анда Кемпир-Абад иши боюнча камактагылардын соттук териштирүү иши эмне себептен кечеңдеп жаткандыгын түшүндүрүп берди.

— Замирбек Курамаевич, саламатсызбы!

— Саламатчылык!

— “Кемпир-Абад” иши боюнча маалымат берсеңиз. Акыркы күндөрү бул иште өтүп жаткандардын айрымдарынын жакындары айылдарында акцияга чыгышып, камактагыларды бошотуу талаптарын коюшууда. Негизинен алар сот отурумдары создугуп кеткенине доомат артышууда. Чындап эле чечим чыгаруу эмнеге мынча создукту? Дээрлик бир жарым жыл болуп калды да.

— Ооба, бул иш боюнча камакта жаткандардын айылдарында туугандары акцияга чыкканынан кабарыбыз бар. Ал эми соттук териштирүүлөрдүн создугуп жатканына биринчи кезекте камактагылар өздөрү себеп болууда. Алардан мурда биз өзүбүз бул иш райондук инстанциядан өтүп, кийинкилерине жылышына кызыкдарбыз. Создуктуруп, камакта кармап жата берели деген кыпындай да оюбуз жок. Кемпир Абад иши боюнча кармалгандар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алды. Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөн соң ал карала баштады. Бирок, бир күнү камактагы бирөөсүнүн авдокаты келбей калат, башка күнү камактагылардын арасынан бирөөсү ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коет, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат.

Андыктан соттук териштирүүнүн созулуп кеткенине биринчи кезекте камактагылар өздөрү күнөөлүү . Мыйзамдарда каралган атайын процедуралык ченемдер бар. Ошолордун талабына ылайык соттор отурумду улам кийинкисине жылдырууга аргасыз болушат. Айыпкерлердин жана алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрү боюнча ишти кароо 20 жолу кийинкиге жылдырылыптыр, бул расмий факт. Мисалы, бирөөсүнүн адвокаты ооруп калса, сот ишти карай берем десе ага башкалары эч качан макул болбойт. Эмнеге мынтип өздөрү создуктуруп жатышат биз үчүн да түшүнүксүз. Сотто каралып баштаганы бир жарым жыл эмес, сотто сегиз айдан бери каралып келе жатат.

— Негизи, ушул сыяктуу иштер канча убакытка созулат? Башкаларга салыштырып айтсак болобу? Балким эл аралык тажрыйбадан мисалдар бар?

— Угузулган айыптары оордугуна жараша бир же эки айга созулат. Эл аралык мыйзамдардын талаптарына биз таянбайбыз, анткени эгемендүү мамлекетибиздин өз мыйзамдарына баш ийебиз.

— Үй камагына чыгарып эле тергей берсе болбойбу дегендер да бар. Кандай шартта сот камалгандардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртө алат?

— Тергөө органдары тарабынан айыпкерлерге угузулган айыптары оор жана өзгөчө оор кылмыштардын тобуна кирет. Эгерде ден соолугуна байланыштуу болуп жатса анда Бектур Асановдукундай болуп бөгөт коюу чарасы өзгөртүлөт. Бектур Асанов саламаттыгына байланыштуу операция зарыл деген өтүнүч келтирилип, үй камагына чыгарылды.

— Камактагыларды бошотуу боюнча ар кандай акциялар сотторго таасир этеби?

— Каралып жаткан иштер боюнча ар кандай митинг же башка акцияларды уюштуруунун өзү сотторго болуп жаткан кысым болуп калат. Жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылган чечимдерге баш ийүүнү дагы билиши керек. Алар биздин Конституциябызга ылайык бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан сөзсүз түрдө аткарылууга жатат.

Пикир

Оставить комментарий