• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Максатбек Сазыкулов: Бишкектин транспорттук инфратүзүмүн реформалоо боюнча иштер күчөтүлөт

Маек 0

Бишкектин көчөлөрүнөн маршруткалар качан алынып, коомдук транспорттогу тариф канчага кымбаттайт — вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов менен маек.

- Максатбек Шекербекович, буга чейин калаа бийлиги коомдук транспортто реформа болгонун жарыялаган. Концепцияга эмнелер кирет? Кененирээк айтып берсеңиз.

- Биз Бишкек шаарынын транспорттук инфратүзүмүн реформалоо боюнча жаңы концепцияны иштеп чыктык. Бул коомдук транспортко да, унаа сүйүүчүлөргө да жолдордогу жүрүм-турум эрежелерине да тиешелүү.

Коомдук транспортко келсек, шаардагы коомдук транспорт толугу менен эко режимге өтөт. Сатылып алынган бардык автобустар экологиялык таза күйүүчү май, башкача айтканда газ менен жүрөт.

Экинчиден, 120 электр автобус сатылып алынат. Алар 2024-жылдын май-июнь айларына чейин келет. 1000 автобус сатып алынып, алардын 500ү келген. Калган 500 автобус 2024-жылдын 1-апрелине чейин келет. Андан тышкары, бизде мурда сатып алынган 120 автобус бар. Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) линиясы боюнча 124 автобус сатып алынат. Алардын баары газ менен жүрөт. Алардын бир бөлүгү келди. Ошентип 1300гө жакын автобус болот. Автопаркта 130 троллейбус бар. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 1500-1600 автобус, троллейбус жана электр автобустары каттайт.

Бардык автобустар келгенге чейин, 2024-жылдын 1-апрелине чейин, биз маршруткаларды шаардын сыртына алып чыгабыз. Алар биздин жарандарыбызды Бишкек шаарынын чегине — Чүй облусунун райондорунун жаңы конуштарына, жакынкы айылдарына жеткирүүнү камсыздайт.

Шаардыктарыбызга альтернатива болушу үчүн биз коомдук транспортту жеткиликтүү, ыңгайлуу жана популярдуу кылабыз. Мисалы, азыр жеке транспорту бар биздин көптөгөн шаардыктардын шаар боюнча ыңгайлуу жүрүүнүн альтернативасы жок. Ошондуктан, алар шаарга жетүү үчүн, өз унааларын колдонууга аргасыз болушат. Азыр биз аларга бул альтернативаны жаңы автобустар жана троллейбустар түрүндө берип жатабыз. Менимче, алар ыңгайлуу, ылдам жүрүүчү коомдук транспортко түшүүнү же унаалары менен тыгында отурууну тандоого ээ болушат.

-Сиз айтып жаткан 1500 автобус Бишкектеги транспорт маселесин толугу менен чечеби?

-Алар жүргүнчүлөрдүн агымын жана шаардыктардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн жетиштүү болот деп ойлойм. Андан тышкары, биз коомдук транспорт тармагына жана ыңгайлуулукка байланыштуу катуу эрежелер менен бирге айдоочулар үчүн жакшы шарттарды түзө алдык. Башкача айтканда, айдоочулардын айлыгы 2,5 эседен ашык көтөрүлөт. Айдоочуларыбыз ушул жылдын 1-сентябрдан баштап 50 миң сом айлык ала ала башташат. Буга чейин 22 миң сом гана алышчу.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасын киргизе алдык. Эми, айдоочулар акча каражаттарын кабыл алууда, тапшырууда башкага алаксыбайт. Отургузуу жана түшүрүү аялдамаларда гана болот.

Ушундай жол менен гана биз маршруткалар менен автобустар ар бир 10 метр сайын токтоп, накталай акча төлөгөн жүргүнчүлөрдү алып жаткан көйгөйүбүздү жое алабыз. Эми андай болбойт, башкача айтканда айдоочулардын айлыктарын көтөрүү менен айдоочулар каржылык жактан кызыкдар болбой, бул процесс жанагы маселелерди өзү жөнгө салат.

- Эмне үчүн кээ бир автобустарда валидаторлор жок жана айдоочулар накталай акча ала беришет?

- Азыр бардык автобустар валидаторлор менен толук камсыздалган. Бүгүнкү күндө линияга 244 жаңы автобус чыккан болсо, анын бардыгында валидаторлор бар.

Бир ай мурун накталай эмес төлөмгө өтүшкөн. Албетте, жаңы көндүм учурларын эске алып айдоочулар көнгөнчө, эреже-тартипти сактаганга чейин накталай төлөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жокпуз. Бирок, азыр андай эмес, убакыттын келиши менен биз акча алган айдоочуларга катуу чараларды көрө баштадык.

Учурдан пайдаланып, айткым келет: биздин жарандардын айдоочуларга берген акчасынын баары мамлекеттин бюджетине эмес, автобазага да, троллейбус башкармалыгына да эмес жеке алардын чөнтөгүнө кетет. Айдоочулар акча бергенде унчукпай отура беришет же алышат, акчадан ким баш тартат эле? Андыктан, шаарыбыздын бардык жүргүнчүлөрүнөн учурдан пайдаланып айдоочуларга накталай акча төлөбөөгө чакырып кетким келет. Тескерисинче, мыйзамдуу накталай эмес мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз. Накталай эмес төлөмдүн 4 түрлөрү бар. Ошолор аркылуу төлөгөн болушса, анда биздин ишканаларга мыйзамдуу акча каражаттарын алганга, казынабыздын толгонуна жардам берген болушат эле. Айдоочулар бергендин баарын ала берет. Жөнөкөй сөз менен айтканда накталай төлөө, ушул кезде –бул мамлекетти да, жарандарыбызды да алдоо дегендик. Акчабыз көп болуп турса, биз шаардагы транспорттун көйгөйлөрүн ар дайым тез чечип турууга мүмкүндүк алабыз. Ошону эстен чыгарышпаса.

- Коомдук транспортко электрондук төлөмдү киргизүүнүн алгачкы этаптары тууралуу айтып берсеңиз. Накталай эмес төлөмдөрдү колдонгон жарандардын саны боюнча мэрия бир нече жолу маалымат берген…

- Биз накталай эмес төлөмдөргө өткөн учурда 50 миңге жакын транзакция болсо, бүгүнкү күндө күндө 120 миң транзакцияга жеттик. Жакынкы арада 150-160 миңге жетебиз деп ойлойм.

- Айлык акыны көтөрүүнү талап кылган троллейбус айдоочуларынын маселеси кандай чечилди? Канча айдоочу жумуштан кетти?

-60 айдоочу иштен кеткиси келип, арыз жазышты. Бирок, алар ишке каалоолору бар экенин айтышып өз ордуларында эле калышты. Бир дагы айдоочу иштен алынган жок. Анткени, ал окуядан кийин биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга жумушта өздөрүн көрсөтүүгө жана ишенимин кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк бердик. Айдоочулар менен болгон бул эмоционалдык диалогдон кийин алар эртеси келип, эгер айлык акыны көтөрсөк, эч кандай дооматтары жок экенин айтышты.

Ушул жерде бир нерсени баса белгилеп айта кетким келет, биз айдоочулардын талабы боюнча айлык акыны көтөргөн жокпуз. Буга чейин транспорт тармагы боюнча 3-4 ай бою тиешелүү иштер аткарылып, эсептөөлөр жүргүзүлгөн болчу. Анын негизинде айлыктарды көтөрүү, ар кандай тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чечимдер чыгып, алар аткарылуу алдында турган. Тилекке каршы, бул окуя жөн эле айлыктын көтөрүлүшүнө туш келип калды. Айрым адамдар учурду гана пайдаланууну чечишти жана айдоочулук курамды адаштырууга аракеттеништи. Эсиңизде болсо, ал жакта Бишкек троллейбус башкармалыгынын директорун кызматтан бошотуп, башка адамды дайындоо чакырыктары да болгон. Бул максаттарга ылайык беле? Албетте, жок. Ал учурда бул жагдайга бир нече адам туура эмес мамиле кылышкан болчу, бирок алар азыр абдан жакшы иштеп жатышат.

- Учурда автобус жана троллейбустар үчүн айдоочулардын жетишсиздиги кандай болуп жатат?

- Бизде айдоочулардын жетишсиздиги жок. Мисалы, линияга 244 жаңы автобус чыгууда, оңдоого 15 автобус калса, пландык ТЭН өтүү үчүн мезгил-мезгили менен 5-6% ын базага калтырабыз. Автобазада 460-480 айдоочу бар. БТБда линияга 130 троллейбус чыгат. Ал жерде дагы 250гө жакын айдоочу бар. Бизде тартыштык жок. Бирок, биз көптөгөн сандагы автобустардын келишин күтүп жатабыз, ошого байланыштуу айдоочуларды окутуу процессин баштадык. Жаңы автобустарыбыздын келиши менен айдоочуларыбыз даяр турушу керек .

-Айдоочуларды окутуу бекерби?

- Ооба, бекер. Алар автомектепте окушат, кызматтар үчүн мэрия төлөйт.

- Акыркы убакта жаңы автобустар жол кырсыгына көп кабылууда. Бул эмнеге байланыштуу? Канчасы жол кырсыгына кабылды?

-Жаңы автобустардын катышуусунда 4 кырсык катталды. Бир учурда автобазадагы 3 автобусту сүзүп кеткен учур катталды. Буга автобустун айдоочусу күнөөлүү. Ал ылдамдыкты алмаштырып алганын айтат. Сыягы, нөөмөттөн кийин иштегени үчүн чарчооңку болду окшойт. Айдоочу келтирилген зыянды оңдогондон кийин жумуштан бошотулган.

Дагы бир окуя, аскердик оор жүк ташуучу унаа менен болгон кырсыкта дагы биздин айдоочунун күнөөсү бар болсо, калган эки учурда жеке автотранспорттун айдоочулары күнөөлүү болгон.

Биз мындай окуялардан кийин, айдоочулар өз ишинде этият болушу үчүн мезгил-мезгили менен бул темада жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Шаарыбызда буга чейин мынчалык көп сандагы автобустар болгон эмес. Жолдордо да унаалар көп болгондуктан, автобустардын мындай агымда жүрүшү кыйын. Ошондой оор абалдарда, шаар ичинде коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер керек деген ойго келдик. Ошондуктан, биз ага барышыбыз зарыл. Жакында Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө, Жибек-Жолу проспектисинде, Ахунбаев көчөсүндө бөлүнгөн атайын жол тилкени жасай баштайбыз.

- Канча маршруттук айдоочу жумушсуз калды? Канчасы автобустарга өттү?

-162 кичиавтобус линиядан чыгарылса, анын ичинен 20дай кичи автобус калган. 20дан ашык кичиавтобустун айдоочулары автобустарга өтүштү, калгандарынын “D” категориясы жок болуп калды. 86 айдоочу азыр окуудан өтүп жатат. Алардын жарымы мурда автобустарга алмаштырылган кичиавтобустарды айдаган кичиавтобустун айдоочулары. Алар жумушсуз калбайт. Биз аларга акча табууга жана биздин линияда иштөөгө мүмкүнчүлүк беребиз.

-Сиздер шаар жүргүнчүлөрүнүн коомдук транспорттун түрүн — автобустарды, троллейбустарды же кичи автобустарды тандап алышы керек деген вариантты карап чыксаңыздар болобу? Маселен, азыр 5 каттамга автобустар да, кичи автобустар да чыгарылды, ал жакка жетүү үчүн эл өздөрүнө ыңгайлуу болгонду тандашат эле.

-Учурда эл коомдук транспорттун түрүн тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мага ишенип коюңуз, көпчүлүгү автобус же троллейбустарда жүрүүнү каалашат. Ал эми кичи автобустарды эң акыркы жол катары тандайт. Анткени, аларда отурууга жер жок. Туруп жүрүү баарына эле ыңгайсыз. Бул сөзүмдү бекемдей алам. Биз бул боюнча буга чейин “сиз кайсыл транспортту тандайсыз?” деген сурамжылоо да өткөрдүк. Элдердин көбү “автобусту күткөн жакшы” деген жоопторду беришти.

Ал эми кичи автобустар болсо шаарыбыз сатып алып жаткан бардык автобустар келгенге чейин шаар аймагында өз тейлөөлөрүн жүргүзө беришет.

- Бул учурда автобустардын аралыгы көбөйбөйбү?

-Биз автобустарды жолго жаңыдан чыгарып жатабыз. Билесиз, шаарыбызда унаалардын агымы абдан көп. Бишкекте күнүнө 600 миңдей унаа ары-бери каттап турат. Анын 400 миңден ашыгы туруктуу жашоочулардын унаалары болсо, 150 миңге жакыны Чүй облусунун шаарга жакынкы аймактарынан, керек болсо башка аймактардан кирип-чыгып жаткан автоунаалар.

Мына ушундан улам, биздин автобустар атайын тилкеси жок жерде тыгында калып калышат. Азыр автобустарды 40 мүнөткө чейин күтүүгө туура келип калууда. Биз бул багытта анализ жүргүзүп , анын негизинде коомдук транспорт үчүн атайын жол тилке түзүү керек деген жыйынтыкка келдик. Маселе болбош үчүн, жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук болушу үчүн автобустар так интервалдар менен камсыз болушу керек.

Атайы жол тилкеси керектигин жеке мен өзүм дагы жон терим менен байкап жатам. Себеби мен дагы № 51-автобус менен жүрөм. Бул мен үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондон улам анализ жүргүзүп жатам. Дагы бир жолу айтам, бизге коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилке керек, жок дегенде азырынча белгилүү бир участоктордо болуусу кажет. Бара-бара баардык тийиштүү аймактарды ошол жолго өткөрүшүбүз зарыл болот.

- Кандай ойлойсуз, шаардагы коомдук транспорт тармагындагы маселелерди чечүү мүмкүн бекен?

-Албетте, чечүүгө толук мүмкүн. Шаар мэриясы алып жаткан 1500 автобус, калаада жашап жаткан 1 миллион 200 миң калкыбызды үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү болот. Ошол эле учурда, максималдуу 8-12 мүнөт аралыгын сактап, таңкы 5:30дан түнкү 23:00гө чейин иштөө режими менен иш алып барууга болот. Азыр элдердин суроо-талабы да ушунда. Биз аны узартып, ал турсун түнкү 12:00го чейин узартууга жетишебиз.

Учурда коомдук транспортко болгон суроо-талап кызуу жүрүп жатат. Коомдук транспортко болгон муктаждыктын жана жүргүнчүлөрдүн аялдамаларга чыгуусунун эң жогорку чеги — бул эртең мененки саат 7ден 9га чейин жана жумуштан кийин кечинде-5:30дан 20:00гө чейин . Мына ушунун баарын эске алып, түшкү же түштөн кийинки тыныгуу учурунда биз интервалды бир аз көбөйтөбүз.

- Автобус каттамдарынын жаңы линияларын ачуудагы критерийлери кандай? Кээ бир райондордо бир нече болсо, кээ бир райондордо коомдук транспорт жетишпейт.

-Бизде негизги критерийлер бар, бирок алар стандарттуу. Дегеним, мында тигил же бул кичи райондун же конуштун тургундарынын, тагыраагы жүргүнчүлөрдүн саны аныкталат. Практика көрсөткөндөй, жүргүнчүлөр бир күнү бир аз көбүрөөк, экинчи күнү бир аз азыраак чыгып калат. Биз муну карап чыгып, тууралап, шаарыбыздын жашоочуларына ыңгайлуу боло турган орток жолду тандап алууга аракет кылып жатабыз.

Келген автобустардын бардыгын биз акырындык менен линияга чыгарып жатабыз. Эгерде биз бардык автобустарды жапырт иштетсек, анда биздин маршрутта иштегендер жумушсуз калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз аларга мөөнөт берип “белгилүү бир убакытка чейин маршруттар автобустар менен алмаштырылат” деп эскертип жатабыз. Биз аларга тандоо беребиз: же автобустарга которулуу же башка каттамдарга өтүү. Албетте, бул алардын тандоосу гана болот.

Ошондой эле, биз коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди, ыңгайлуу токтотуу шарттарын да даярдашыбыз керек. Көптөгөн жерлерде аялдамалар түз жолдун боюнда жайгашкан, эч кандай жолдон ичкери кирип токтоого мүмкүнчүлүгү жок. Автобустар өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн аялдамаларды мүмкүн болушунча кеңейтүү керек болуп жатат.

- Канча аялдама жаңыртылды? Шаар боюнча дагы жаңыртуулар болобу?

-Жалпысынан шаар боюнча бизде 700дөн ашык аялдама комплекстери бар. Учурда эң чоң көчөлөрдө — Байтик Баатыр / Абдрахманов көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Чыңгыз Айтматов / Манас проспектисинде иштер жүргүзүлүүдө.

Филармониянын жанында, Абдрахманов—Киевде, Шампанкомбинаттын, Политехтин жанында, Курманжан Датка—Чүй көчөлөрүндөгү аялдамаларда жумуштар аяктады.

Ал эми ЦУМдун жанындагы аялдаманы жакында баштайбыз. Ал жерде таксисттер көп токтойт, эми аларга орун болбойт. Ал жерде коомдук транспорт үчүн гана жер болот. Алдыда дагы көп иштер бар. Кыш мезгили башталганга чейин болжол менен 20-30 аялдаманы жасоого үлгүрүшүбүз керек.

- Биринчи май районунда аялдамалардын айланасына унаа токтотууга каршы "автодружина" иштеп жаткан эле. Алар азыр деле иштеп жатабы жана алар башка аймактарда да иш алып баруусу каралганбы?

-Ооба, дружина дагы деле күчүндө. Биз кийинки этапка-автоматтык иштөө режимине өтүп жатабыз. Жакында биз автобустарга орнотулган камераларды колдоно баштайбыз. Бул камералардан маалымат алабыз. Бардык жаңы автобустар жана 130 троллейбус маалымат алып жүрүүчүлөр болот. Түшкү тыныгууда, танапис учурунда биз маалыматты флешка аркылуу алып, компьютерге киргизебиз. Мониторинг бөлүмү ар бир автобус боюнча анализ жүргүзөт.

Аялдамаларда таксисттерге жана унааларга унаа токтотууга катуу тыюу салынат. Эми алар жазага тартылышат. Камералардагы маалыматтарды МККБга өткөрүп беребиз, алар мыйзам бузууларды аныктап айып пул салышат. Мына ушул аракеттер аркылуу Кудайым буйруса, бир жарым айдан кийин, аялдамаларда тартип орното алабыз деп ишенем.

- Мэрия коомдук транспорттун акысын көтөрүүнү сунуштап жатат. Качан жана канчага көтөрүүнү пландап жатасыздар? Сиздер жол киренин өзгөрүшүн инфляциянын деңгээлине байланыштырууну пландап жатасыздарбы?

- Бишкек шаары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кадимки коомдук транспорт болбогон, болсо да аз болгон, кичи автобустар менен эски автобустар каттаган жападан жалгыз борбор болуп саналчу. Кудайга шүгүр азыр коңшулардын жана мурдагы советтик өлкөлөрдүн бардык ири борборлорунан жакшы, татыктуу коомдук транспорту бар болууда. Кала берсе, транспорттогу жол акынын эң арзан баасына ээ. Салыштырып корсок, Алматыда бизден 3 эсе кымбат — 35-40 сом, Ташкентте — 14-18 сом. Бул коңшулар газ өндүрүүчүлөр, күйүүчү майды өздөрү өндүргөн мамлекеттер. Ал эми биз болсо алардын баарын сатып алабыз.

Учурда автобус жана троллейбус линияларынын чыныгы баасы 20 сомдун тегерегинде. А биз 11 сом кылып жатабыз. Ошол жарандарыбыз кем төлөгөндү, мэрия кошумча төлөп жатат. Мисалы, мен 11 сомго жол жүрсөм, мэрия кошумча 10 сом төлөйт деген сөз. Бул кадам транспорт тармагын аксатууга гана алып келет. Жыл сайын дээрлик 300 миллион сом дотация беребиз. Ошондуктан, жарандарыбыз биз дайыма чыгаша менен иштей албасыбызды түшүнүшү керек деп ойлойм. Минтип иштесек, бир нече жылдан кийин автопарк жөн эле иштебей, шаар коомдук транспортсуз калышы мүмкүн.

- Сиздин оюңуз боюнча, шаардагы тыгындарды кантип чечүү керек?

-Шаардагы тыгындар маселесин муниципалдык жана жеке менчикте турган транспорт каражаттарынын колдо болгон ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен чечүү керек. Айтайын дегеним, коомдук транспорт бар болсо, жарандар жеке унааны эмес, коомдук транспортту колдонушу керек. Анткени, автобустун сыйымдуулугу 75 жүргүнчү, 25 киши отуруп турса, 50 киши туруп барса болот. Өзүңүздөр байкагандай, жол кыймылында 10 унаа жолго чыккан болсо, анын 8инде айдоочулар гана кетип бараткан болот. Бул жол тыгынын көбөйтөт. Ал эми бир автобус 80 унаанын айдоочусун ташып жеткирүүгө мүмүкндүгү бар. Бул шаардагы тыгынды кадыресе жок кылат.

Биз жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортко ишенебиз, ошол эле учурда унаасын таштап коомдук транспортту тандаган шаар тургундары ыңгайсыздыкты сезбеши үчүн анын ыңгайлуулугун жана өз убагында болушун камсыздайбыз деп ишендире алам. Ушул шарттарды түзүп берсек, шаардыктардын жарымы коомдук транспортко артыкчылык бериши мүмкүн. Бул маселени чечүү жолу бар.

- Эки базар кайда жылдырылат деген суроолор көп болуп жатат? Анан алардын ордунда эмне болот?

-Ал аракетибизди көптөгөн шаардыктар колдойт деп ойлойм. Ош базарын, автобекеттерди шаардын сыртына жылдыруу керек. Бул дүйнөлүк практика, ушундай болушу керек. Ош базары шаардын ири азык-түлүк жана товардык түйүн болуп саналат. Шаарыбыз чачыранды жайгашкандыктан Ош базары дээрлик борбордо жайгашкан. Андыктан, бул Ош базарынын жанынан өткөн сатуучуларга, сатып алуучуларга, жарандарга ыңгайсыздык жаратууда. Ошондуктан, ушундай чечим кабыл алынды.

Калаа башчысы Эмилбек Мырзакулович Ош базары шаардын сыртына көчүрүлөрүн айтты. Шаардын түндүк тарабындагы Фучик көчөсүн бойлой "Манас" аэропортун көздөй, шлагбаумдан 5 чакырым алыстыктагы альтернативдүү участок каралууда. Биз шаардын тургундарына, соодагерлер жана керектөөчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Сатуу концепциясы такыр башкача болот.

Тилекке каршы, Ош базары санитардык тазалык жагынан да, заманбап стандарттарга жооп бербейт. Буйруса, ал жерде ыңгайлуу коомдук аянтча же башка коомдук мейкиндик болушу үчүн жумуштар аткарылып жакшы жолдор менен баарына жагымдуу болот.

Болжол менен ошол эле аймакта Батыш автобекетин которуу үчүн жер каралып жатат. Белгилүү болгондой, батыш автобекети да чоң транспорттук борбор. Ал борбор калаанын негизги көчөлөрүнүн бири Жибек- Жолу проспектисинде жайгашкан. Демек, ал жактарда дагы транспорттун көптүгүнөн чоң тыгындар жана түтүндөр пайда болот. Күнүнө ошол автобекеттен эле чоң автобустарды, таксисттерди эсепке албаганда чыгыш тарапка 900 бусик кетет. Шаардан тышкары сырттан кирген-чыкканын эсепке алганда 150 миң унаанын жарымы ушул автобекеттин жанында жайгашкан.

Чыгыш автобекети үчун Алматинка — айланма көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол каралып жатат. Ал жерде “Газпромдун” чоң май куюучу жайы бар. Бул май куюучу жайдын жанында комплекс бар, мурда ал башка максаттарга арналган. Бул жакынкы келечекте Чыгыш автобекетин өткөрүп бере турганга даяр түйүн.

- Түштүк магистралдын үстүндөгү Чыңгыз Айтматов проспектисинде арык системасы жылдырылып жатат. Эмне менен байланыштуу? Жол кеңейеби? Андай болсо алына турган теректер көп болобу?

- Бул теректерге 80 жыл болду. Эксперттердин пикири боюнча, дарактардын мындай түрлөрү 50-60 жылдан кийин кооптуу болуп калат. Алар каалаган убакта кулап, ооруп калышы мүмкүн. Бул теректердин баарынын убактысы жеткен. Биз акырындык менен ал аймактын абалын кайра карап чыгышыбыз мүмкүн экенин жана бул теректердин ордуна чоң жалбырактуу дарактар болорун жокко чыгарбайбыз. Ар кандай шамал, жаратылыштын ар кандай термелүүсү дарактардын кулашына алып келиши мүмкүн. Ал жерде адамдардын көп жүрүүсү белгилүү. Кудай сактасын, кээ бир дарактардын кулап калуу коркунучу бар, ошондуктан биз ириде шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуубуз керек.

Материал “АКИпресс” сайтынан орусчадан кыргызчага которулуп алынды

Пикир

Оставить комментарий