• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эсептөө палатасынын төрагасы: Каржы бузууда аныкталган акчалардан 3,4 млрд сом өндүрүлдү

Маек 0

Өлкөдө Эсептөө палатасы аудиттерди жүргүзүүдө каржы бузууларды гана аныктоону максат кылбастан, мамлекеттик мекемелердеги бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланышына көмөк көрсөтүү алардын иштериндеги башкы аракет. Экономикалык кылмыштуулукту алдын алуу жана күрөшүү иштери тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Алмазбек Шаршембиевич, Эсептөө палатасынын өткөн жыл ичинде аткарган иштерине токтолсоңуз?

— Биздин мекеменин максаты мамлекеттик каржы ресурстарын башкарууда сапаттуу аудит жүргүзүү аркылуу жарандардын жашоосун жакшыртуу, ошондой эле каржыны натыйжалуу башкарууга көмөктөшүү, мамлекеттик финансыны пайдаланууда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу. Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт. Өткөн жылы Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров демилгелеп, Жогорку Кеңеш колдоп, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамды кабыл алып беришти. Муну менен Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгы жана укуктук мүмкүнчүлүктөрү ошол эле убакытта бизге коюлган милдет жана талаптар дагы күчөтүлдү. Ал эми 2023-жылы Эсептөө палатасы тарабынан бир катар иштер жасалды. Мисалы, 81 аудитордук иш чара жүргүзүлүп, ага 1092 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылды. Тагыраагы, өткөн жылы жүргүзүлгөн аудитордук иштин жыйынтыгы боюнча 237 млрд сомго мамлекеттик бюджетти толтуруунун кошумча булактарын, айрым учурларда анын жоготууларын жана каржы бузууларды аныктадык. Анын алкагында 332 жазма-буйруктар жана 129 сунуштамалары берилди. Каржы бузууда аныкталган акчалардын ичинен 12,6 млрд сомду кайтаруу керек эле, бүгүн ал суманын, 3,4 млрд сому ордуна коюлду. Калган суммаларды кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө. Эсептөө палатасы коррупция менен күрөшүүдө укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат. 2023-жылы укук коргоо органдарына жиберилген материалдар боюнча алдын ала маалыматка ылайык, жалпы эсеп менен 2,4 млрд сомду түзгөн каржы бузуулар боюнча аудиттердин 68 материалы жөнөтүлдү. Бүгүнкү күнгө, укук коргоо органдары менен жүргүзүлгөн салыштыруу боюнча аудиттердин 68 материалы каралып, 17 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 2 кылмыш иши өндүрүүдөн кыскартылган. 2 кылмыш сотко жөнөтүлүп, 2 кылмыш иши өндүрүштөн токтотулган.

— Каржылык мыйзам бузууларды текшерүүдө кандай ыкма менен иштөө натыйжа алып келээрин байкадыңыздар?

— 2022-жылдан баштап, бардык аудиттерди эл аралык аудит стандарттарына ылайык жүргүзүүгө толугу менен өттүк. Учурда Эсептөө палатасы, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык, аудиттин 3 түрүн жүргүзөт. Алар: шайкештик, натыйжалуулук жана финансылык аудиттери. Аудит жүргүзүлгөн мекемеге Эсептөө палатасынын сунуш, пикирлерин берип, экинчи ирээт текшергенде мурдагыдай каржы бузуулар жок болуп чыгып жатат. Ошондой эле, Эсептөө палатасы аудиттин жогорку органдарынын эл аралык Кеңештерине мүчө. Азыркы тапта, Польшанын Эсептөө палатасы менен тажрыйба алмашуу, кызматташуу уланууда. Андан тышкары, каржы бузуулар боюнча маалыматтар болсо (0 555 500 985) “ишеним телефону” иштейт. Ал эми жуманын шейшемби күнү, жарандарды жеке кабыл алып, маселелерин угам. Аны менен катар Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан кабыл алынган 2022-2026-жылдар мезгил аралыгына карата Эсептөө палатасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы бар. Анын алкагында иштер аткарылууда. Бул Стратегияда Эсептөө палатасынын артыкчылыктуу максаттары, милдеттери аныкталып чыккан. Анын максаты аудит аркылуу мамлекеттик финансыны башкаруу тутумунун натыйжалуу, ачык-айкын жана отчеттуу болуусуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттешүүнү бекемдөө.

— Өлкөдө кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыгын арттыруу үчүн санариптештирүү дээрлик бир жолго коюлууда, бул багытта сиздерде иш кандай нукта жүрүүдө?

— Эсептөө палатасы санарипти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган. Бизде иш кагаздарды жүгүртүү, дээрлик бардык иш процесстер толугу менен электрондук ыкмага өткөрүлгөн. Ошондой эле, мамлекеттик бюджеттин каражатын сарамжалдуу пайдалануу максатында, санариптештирүү иш-чараларын Сауд өнүктүрүү фондунан, конкурска катышып утуп алган 100 миң долларынын эсебинен ишке ашууда.

— Эсептөө палатасына кадр тандоодо кандай талаптар бар?

— Мыйзамга ылайык, Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана аны өтөө, ошондой эле андан бошотуу тартибин Президент аныктайт. Президент тарабынан бекитилген Жобого ылайык, Эсептөө палатасынын кызматкерлери ички конкурс аркылуу алынат. Тандоодогу талаптар кызмат ордуна жараша коюлат. Ошондой эле Эсептөө палатасында адам ресурсун өнүктүрүү стратегиялык планы бар. Ага ылайык, кызматкерлерди проффесионалдык деңгээлде өнүктүрүү максатында окуулардан өткөрүп турабыз. Ал эми Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп, анын Кеңеши саналат. Кеңештин курамы Эсептөө палатасынын төрагасынан жана 8 аудитордон турат. Эсептөө палатасы жыл сайын Жогорку Кеңешке аткарылган иши тууралуу отчет берет.

Булак: "Эркин-Тоо" гезити

Пикир

Оставить комментарий