• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри футзал боюнча КР кубогун утуп келген жаш футболчуларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук стадионунда 14 жашка чейинки жана 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн футзал боюнча Кыргыз Республикасынын кубогун утуп келген жаш футболчуларды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Шаар мэри Ош шаарынын намысын коргоп 2 курама команда тең өлкө кубогун утуп алганы чоң кубаныч жана сыймык экенин билдирди.

«Силердин бул жеңишиңер шаарыбыз үчүн чоң кубаныч. Мындан ары да талыкпай машыгып, чоң ийгиликтерди багындырасыңар деп терең ишенем. Өзүңөр билгендей шаарыбызда «Алай» футбол клубу мэрия тарабынан каржыланып, бир топ жылдардан бери шаарыбыздын намысын татыктуу коргоп келет. Буюрса силер да келечекте «Алай» командабыздын катарын толуктайсыңар деген үмүттөмүн. Ушундай аракетчил, жаш футболчулар чоноюп келе жаткандыгы биз үчүн сыймык. Шаардык мэрия силерди ар тараптан колоого даяр», - деди Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри 2 командага 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле футзал боюнча өспүрүмдөр машыктыруучусу Учкунбек Абдыжапар уулу «КРнын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы ыйгарылды. Мындан сырткары, бир катар жаш футболчуларга футзал боюнча спорт чеберчилигине талапкер наамы берилди.

Айтак кетсек, 2021-жылдын 15-19-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын кубогу өткөрүлүп, Ош шаарынын футзал боюнча курама командасы 8 команданын ичинен 1-орунга ээ болушкан.

Ушул эле шаарда 19-24-июнь күндөрү футзал боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын кубогунда Ош шаарынын курама командасы 1-орунду багындырган.

Пикир

Оставить комментарий