• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда кутурма оорусуна каршы текшерүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абадда облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жетектеп, комиссия мүчөлөрү, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери жана район-шаар жетекчилери катышты.

"Жыйында облус аймагынан Базар-Коргон районунда эпидемиялогиялык жана эпизоотиялык кырдаал туруктуу эмес экени белгиленди. Ушул жылдын сентябрь айынын башында райондун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын тургуну кутурма оорусунан каза болгон. Мындан улам отурумда Базар-Коргон районунда оорунун алдын алуу чаралары буга чейин тийиштүү деңгээлде жүрбөгөнү айтылды. Облус башчысынын орун басары тез аранын ичинде аталган райондо жана жалпы облус аймагында кутурма оорусуна каршы кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тийиштүү ведомстволор менен тыгыз байланышта болуп, эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чараларды биргеликте жүргүзүү жагы милдеттендирилди.

Кутурма оорусуна каршы эмдөөнү жетиштүү камсыз кылуу жагы эскертилип, жолбун иттерди жок кылуу иштерин күчөтүү, калк арасында жолугушууларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин колго алуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий