• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда парламенттик шайлоо күнү миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 24-ноябрда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусунда саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Облустук милициясынын борбордук аппаратынын, ИИМдин “Шумкар” полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча горнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарада ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев өздүк курамга министрликтин талаптарын жеткирип, бир топ тапшырмаларды коюу менен бирге үгүт иштерине кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо участкаларында мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеп өттү.

Саптык кароодо президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда кызмат өтөөдө шарттар түзүлгөнүн белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо аткарып жаткан жумуштардын жыйынтыгы зор экенин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын соңунда атайын нускамалар берилип, кызматкерлер шайлоо тилкелерине бөлүнүшүп, өздүк курам салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Белгилей кетсек, облустук милиция 25-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Ал эми облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо участкаларында фискалдык органдар менен биргеликте 1 миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөшөт.

Пикир

Оставить комментарий