• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР элчилиги россиялык иш берүүчүлөрдөн шайлоо күнү кыргызстандык жумушчуларды бошотууну суранды

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги россиялык иш берүүчүлөргө кайрылып, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого кыргызстандык жумушчуларды бошотууну суранды.

Элчиликтен билдиргендей, Кыргызстандын элчилиги россиялык иш берүүчүлөрдөн 2021-жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу бул күнү Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск шаарларында, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында өз кызматкерлеринин – кыргызстандык жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүүсүн өтүнөт.

"Бул окуя Кыргыз Республикасынын мындан аркы жана прогрессивдүү өнүгүшү үчүн саясий мааниге ээ", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий