• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир жумадан кийин Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бир жумадан кийин Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-июнунан 17-июлуна чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай баштайт.

"№608 "Бишкек-2 – Балыкчы" поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 "Балыкчы – Бишкек-2" поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий