• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды коргоо жаатында кызматташуу планына кол койду

Коом 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен жана ЮНИСЕФтин ортосунда 2024/2025-жылдарга карата эки жылдык иш планына кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, балдарды коргоо жаатында кызматташуу планына министр Гүлнара Баатырова жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн убактылуу ммилдетин аткаруучу Кристина Бружиоло кол койду.

"Биздин өнөктөштүк балдардын жашоосун жакшыртуу жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жалпы максаттарга жетүүдө негизги ролду ойнойт. Биргелешип иштөө бизге бардык балдардын билим алуусуна, саламаттыкты сактоого жана социалдык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган эң натыйжалуу стратегияларды жана саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Биз балдарга карата зомбулукка жана аларды эксплуатациялоого каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин өлкө зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык базаны жана механизмдерди чыңдоо боюнча жигердүү иштеп жатат", - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Жолугушууда Кыргызстан ЮНИСЕФ менен узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, балдар үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн биргелешкен аракеттерге даяр экени айтылды.

Пикир

Оставить комментарий