• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Жунушалиев Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен "Манка-Жар" коктусундагы сел тосмодон суу ташып, натыйжада Арча-Бешик конушунун көчөлөрүн жана үйлөрдү каптаган.

Жолугушуу учурунда мэр Айбек Жунушалиев сел жүргөн жерлерди толугу менен карап чыгып, селдин кесепеттерин жеринде тез арада жоюуну тапшырды. Ошондой эле сел сууларын буруучу каналды жана ирригациялык-дренаждык тармактарды долбоорлоо жана куруу, коргоо зоналарынын чек араларын аныктоо жана мыйзам бузуучуларга чара көрүү боюнча милдеттерди койду.

Маселени чечүү үчүн "Манка-Жар" коктусуна суу топтоочу курулманы орнотууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнөт. Белгилей кетсек, учурда жеринде атайын техника иштеп, сел жүргөн конушунун көчөлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле тургундар менен жолугушууда ирригациялык тармактарга жана жолдорго тиешелүү маселелер тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий