• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу №47 орто мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алып салынды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 орто мектебинин аймагындагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар ээсинин макулдугу менен буздурулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, “Дорул-шифо” клиникасы узундугу 131 чарчы метрден ашуун чатырын, 35 чарчы метр жерге жайгашкан отказанын аталган мектептин короосуна куруп алган.

Бүгүнкү күнгө чейин ижара акысы төлөнбөй, эч кандай уруксат кагазы жок иштетилип келген.

Пикир

Оставить комментарий