• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки мамлекеттик жогорку окуу жайдын ректорлору аттестациялоодон өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 27.03.24./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мамлекеттик жогорку окуу жайлардын, тагыраагы, Баткен мамлекеттик университетинин, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ректорлору аттестациялоодон өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Аттестациялык комиссияга билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылды.

Комиссия төмөндөгү критерийлер боюнча ректорлордун ишине баа берди:

• аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчет;
• университеттин келечектеги ишмердүүлүгүнүн программасы;
• бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу;
• билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
• инфраструктуралык жана финансылык-экономикалык ишмердүүлүк.

Аттестация ЖОЖдун жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо максатында үч жылда бир жолу туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий