• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абайлаңыз! ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 27-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий