• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго органикалык лаборатория курулат

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго In vitro илимий-изилдөө жана өндүрүштүк биологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, КР президентинин жарлыгы менен "Органикалык өндүрүш жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы департаменттин 2023-жылдагы эң башкы жетишкендиги болду.

"In vitro биологиялык лабораториясында микроклоналдык ыкма менен вируссуз өсүмдүктөрдүн көчөттөрү өндүрүлөт. Анын алкагында, Финансы министрлиги тарабынан Органикалык айыл чарба департаментине 36 млн 638 миң сом, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетке 25 млн сом каражат каралууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий