• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы фермерлерге органикалык айыл чарба жаатында 105 семинар уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы фермерлерге органикалык айыл чарба жаатында 105 семинар уюштурулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди.

Окутуулар 105 жолу Департаменттин адистери тарабынан өткөрүлүп, анда "Органикалык айыл чарбасы", “Өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо”, “Органикалык стандарттар” темаларына басым жасалды.

"Тренингге катышуучулардын саны 6 500ге жетти. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Департаменттин адистери фермерлерди органикалык айыл чарбасын жана агробиотехнологияны киргизүүгө кеңири үйрөтүштү", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, окутууларга жергиликтүү органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчүлөр да катышып, жер семирткичтердин колдонулушу жана сапаты жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Жыйынтыгында фермерлер органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана колдонуу, салттуу дыйканчылыктан органикалык дыйканчылыкка өтүү, өсүмдүктөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы коргоонун биологиялык каражаттарын пайдалануу боюнча методикалык колдонмолор менен камсыз болушту.

Пикир

Оставить комментарий