• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура: Күчүнө кирген жаңы кодекстер басылып чыкты

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев КРнын Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерин иштеп чыккан эксперттик жумушчу топтун курамын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабыл алды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө 1-декабрдан тарта күчүнө кирген кодекстердин иш жүзүндө колдонулуп жаткандыгы талкууга алынды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү кодексттерди иштеп чыгуудагы урунттуу учурларга токтолушуп, жасалган эмгектин жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришти.

Зулушев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнө жасаган зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы басылып чыккан кодекстерди белек катары тартуулады.

Ошондой эле башкы прокурордун орун басары К. Токтакунов тарабынан Жогорку соттун жетекчилигине Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин 400 нускасы белек катары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий