• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бакиевден кечирим сураган бала биздин алдыбызда жооп берсин - «Баатырларга Таазим» коомдук бирикмесинин кайрылуусу

Коом 0


Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда «Баатырларга Таазим» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Таласта маалымат жыйын берип, анда жалпы Талас элинин атынан Бакиевден кечирим сураган бала боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Маалымат жыйынга «Баатырларга Таазим» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Кишимжан Таштекеева, Күмүшай Бокотонова, Бектурсун Жандаралиев, Козубек Иманкулов, «Кара-Буура 6-7-апрель» коомдук бирикмесинин мүчөсү Медетбек Жунусалиев, «6-апрель Талас элдик революциясы» коомдук фондунун төрагасы Төрөбек Кишенбаев, «6-апрель Бакай-Ата» кыймылынын мүчөсү Рыскулбек Жанкорозовдор катышты.

Алар өз сөзүндө 6-7-апрелдеги окуяларга күбө болгондуктарын айтып, арабызда ошол күнү балдарын жоготкон энелер олтурат деп билдиришти.

«Канча деген уулдардын каны төгүлүп, андан бери да жаракатынан каза тапкандары канча. Биздин маалымат жыйынга келгенибиздин себеби, социалдык тармактарда өзүн Таластыкмын деп тааныштырып, Курманбек Бакиевден кечирим сурап жаткан Болсунбек Бечекеев тууралуу. Баарыбыздын атыбызды жамынып, апрель окуясынын катышуучусумун деп жатат. Ал бала өзүн Болсунбек Бечекеев деп бирде Болсунбек Рысбеков деп тааныштырып, учурда Түркияда жүрөт. Учурдагы бийликтен, президент Сооронбай Жээнбековдон учурдагы саясий акыбалды туруктуу, бекем кармап, күч органдары катуу иштеп, Болсунбек Бечекеевди бизге алып келүүсүн суранабыз. Чындык ал тарапта болсо, биздин алдыбызда, балдарын жоготкон энелердин алдында сүйлөсүн келип», - дейт маалымат жыйындын катышуучуларынын бири.

Пикир

Оставить комментарий