• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, арыздарынын негизинде жер-жерлерде чечилбей келе жаткан маселелерин көрүп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Калаа башчысы Д.Садырбаев, К.Көчөбаев, Т.Атабаев, А.Сүйүнбаев, Мушкетов, Набережная, Т.Латибжанов, К.Исаков, Р.Юнусов, М. Ишматов көчөлөрүндө, Достук кичи районунда, дача конушунда, ошондой эле алыскы Алай-1-2 жана Эдельвейс аймактарына барды.

"Жергиликтүү тургундардын тротуарларды оңдоп-түзөө, көпүрөлөрдү, жолдорду кеңейтүү, мыйзамсыз, уруксаты жок курулуштарды алып салуу, сел каналдарды, ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, ичүүчү жана суугат суу менен камсыздоо, коомдук транспорт, көп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын сырдоо, чатырларды жаңылоо боюнча маселелерин укту", - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга айтылган инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий